Сокулуктагы бала бакчада 5 жаштагы кыз каза болду

Сокулуктагы бала бакчада чарчап калган 5 жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинен тастыкташты.

Ал эми чарчап калган кыздын апасы социалдык тармактар аркылуу кызынын өлүмү тууралуу айтып, бала бакчанын кызматкерлерине жана укук коргоо органдарына нааразычылыгын билдирди.

Милициянын бизге берген маалыматына караганда, окуя ушул жылдын 22-октябрында болгон. Анда милицияга Сокулуктагы "Алтын Балалык" мамлекеттик бала бакчасынан 17:23тө райондук ооруканага 5 жаштагы кыздын сөөгү жеткирилгендиги боюнча маалымат түшкөн.

Тершерүүнүн жүрүшүндө кыз уктап жатып чарчап калганы аныкталган. Бала бакчанын мугалиминин берген маалыматына ылайык, болжол менен 13:00 чамасында 5 жаштагы наристе К.А. аттуу мугалимге үшүп жатканын айтып, кийимин чечпей уктоону суранган. Болжол менен 15:30да мугалим кызды ойготууга аракет кылганда, анын эс-учун жоготконун байкаган. "Тез жардам" чакыртылып, ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, врачтар кыздын чарчап калганын тастыкташкан.

Учурда бул факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан