Буга чейин Сокулуктагы бала бакчада чарчап калган 5 жашар Алиянын окуясы боюнча кылмыш иши козголгону кабарланган. Окуя 22-октябрда “Сокулук Алтын Балалык" бакчасында катталган болчу.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги окуя катталган күнү комиссия түзүлгөнүн, алар бакчага барып, тиешелүү маалыматтарды алганын жана алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырганын билдирген.
Бүгүн, 12-декабрда парламент жыйынында депутат Бактыяр Калпаев аталган окуяны эске салып, мындай иштерди алдын алуу керектигин белгиледи.
SUPER.KG порталына Алиянын таенеси Гүлнара Базарматова, Алиянын тайпасынын тарбиячысы Алина Камчыбек кызы жана тарбиячынын жардамчысы окуя тууралуу айтышты.
Видеону толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.