Кремль Венгриянын премьер-министри менен Путиндин сүйлөшүүсүн ачыктады

Кремль Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрүн ачыктады. Бул туурасында орус басылмалары президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип жазышты.

Маалымдалгандай, эки тараптуу телефон аркылуу байланышта Орусия менен Украина ортосунда ок атышпоону жарыялоо жана туткундарды алмаштыруу боюнча сөз болгондугу айтылды. Бул иш аракеттерди христиандардын майрамы Рождествонун алдында ишке ашырууну пландоо сунушталган.

Кремлдин басма сөз катчысы билдиргендей, Орусия тарап ошол эле күнү Москвадагы Венгрия элчилигине туткундарды алмаштыруу боюнча сунуш киргизген. "Бирок Украина лидери Зеленскийдин жана анын айланасындагылардын социалдык тармактардагы реакциясына караганда украин тарап Орбандын бардык сунуштарын четке какты", - деп кошумчалады Песков.

Белгилей кетсек, 11-декабрда Венгриянын демилгесинин алкагында орус лидери Владимир Путин Орбан менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан