Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Орусияга болгон жумуш сапары аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалымдалгандай, иш сапардын алкагында Жапаров 12-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.
Ал эми 13-декабрда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышып, анда бир катар сунуштарды берди. ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынынын соңунда бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду.