"Кара жорго" корей улуттук аспаптарында аткарылган видео менен Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова бөлүштү.
Видеодо корей өнөрпоздорунун улуттук аспаптарда кыргыздын "Кара жорго" музыкасын аткарып жатканын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаиловага Кореянын Импортчулар ассоциациясынын (KOIMA) сыйлыгы ыйгарылган.