Акылбек Жапаровду кесиптештери кантип узатышты? (видео)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматын тапшырган соң кесиптештери кол чаап узатышты.

Видеодо коридорго узун тизилген президенттик администрациянын кызматкерлери сый-урмат көрсөтүп, мамлекетттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алып, сыртка чейин узатып чыкты.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн кызматтан кеткени айтылды. Азырынча анын кызматтан кеткени расмий айтыла элек. Учурда өкмөт башчынын убактылуу милдетин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев аткарып турары да белгилүү болду.

Жапаров өкмөттү 2021-жылдын 13-октябрынан бери башкарып келген. Ал өлкө тарыхындагы эң узак мөөнөткө иштеген премьер-министрдин бири болуп калды.

Акылбек Жапаровду кесиптештери кол чаап узатышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан