УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши боюнча үн катты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-декабрдагы маалымат жыйынында айтты.
"Ал киши менен 3 жылдан ашык иштедик. Анын тажрыйбасы кенен, мол, экономика боюнча билими терең. Жапаров мамлекет үчүн көптөгөн жакшы иштерди аткарып кетти. Ал эми президент кабыл алган чечимди биз талкуулай албайбыз", - деди ал.
Ошондой эле Ташиев "Жапаровдун кызматтан кетиши салыкчылардын кармалышына байланыштуубу?" деген суроого "жөндөн-жөн эле кызматтан кетпейт, бир нерсеге байланышы бар үчүн кетти да" деп жооп берди.