Жаңы жыл майрамына саналуу күндөр калды. Мындан улам майрамдык маанай тартуулоо максатында өлкө аймактарындагы борбордук аянттар, көчөлөр кооздолууда. Алсак, Бишкекте салтка айланган башкы балаты "Ала-Тоо" аянтына коюлуп, чырактары жандырылды.
SUPER.KG порталы борбор калаада беш жыл ичинде орнотулган башкы балатылардын сүрөттөрүн топтоп, алардын жасалгаларына саресеп салды. Сөз башын быйылкы жылдан баштайлы...
Быйыл "Ала-Тоо" аянтына коюлган жаңы жылдык балатынын чырактары 14-декабрда жандырылды. Аталган иш-чарага 10 миңге жакын шаар тургуну келгени, бул көрсөткүч мурдагыларга салыштырмалуу рекорддук көрсөткүч экенин айтылды. Башкы балатынын бийиктиги 32 метрди, диаметри 13 метрди түзөт. Ал эми жасалгалоого 1,5 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн.
Ал эми былтыр, 2023-жылдагы башкы балатынын бийиктиги 32 метрди түзүп, КМШнын борборлорундагы эң бийик балатылардын тизмесинде бештикке кирген болчу. Ал жарык берүүчү оюнчуктар менен жылдагыдан өзгөчө кооздолуп, шаар тургундарынын алкышына татыган.
2022-жылы Бишкек шаарында Жаңы жылдык балаты 7 миң оюнчук менен кооздолгон. Бул кыргыз калкынын саны 7 миллионго жетиши менен байланыштуу экени айтылган эле. 25 метрлик балатынын чырактары 16-декабрда жандырылган.
2021-жылы борбордук аянтка коюлган балатынын бийиктиги 15 метрди түзгөн. Ал убакта балатыны жана көчөлөрдү жасалгалоого 5 жарым миллион сом бөлүнгөн.
2020-жылы борбор калаадагы балатынын бийиктиги 25 метрди түзүп, анын чырактары 10-декабрда жандырылган. Бишкек шаардык мэриясы балатыга аз суммада каражат кеткенин айтып, бирок так суммасын айтышкан эмес.