Бишкектеги балаты КМШдагы эң мыкты балатылардын катарына кирди

Борбор калаа Бишкектеги башкы балаты КМШнын борборлорундагы эң бийик бештиктин катарына кирди. Жаңы 2024-жылга карата эң бийик негизги жаңы жылдык балатылардын рейтингин ТурСтат туристтик порталы чыгарган.

Маалымдалгандай, КМШ өлкөлөрүнүн эң бийик балатылардын ондугуна төмөнкү шаарлар кирген:

  • Ашхабад - 44 метр;
  • Ереван - 37 метр;
  • Ташкент 35 метр;
  • Баку 34 метр;
  • Бишкек 32 метр;
  • Минск 30 метр
  • Душанбе 30 метр;
  • Москва 25 метр;
  • Астана 25 метр;
  • Алматы 20 метр.

Эске салсак, Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы башкы жаңы жылдык балаты 15-декабрда салтанаттуу түрдө жанган.

Маалыматта рейтинг КМШ өлкөлөрүнүн борборлорундагы башкы балатылардын бийиктигин изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөнү айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан