Убактылуу кызматынан четтетилген Түштүк Кореянын президентти суракка чакыртылды 

Убактылуу кызматынан четтетилген Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл прокуратурага суракка чакыртылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Юн Сок Ёл экинчи жолу прокуратурага чакыртылган. Биринчи жолкусунда барган эмес. Ал 21-декабрга чейин суракка барбаса, анда аны камоого күч колдонуу маселеси каралат. Ал эми президент ага карата коюлган дооматтардын баарын четке кагууда.

Белгилей кетсек, 14-декабрда Түштүк Кореянын парламенти президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдогон. Добуш берүүгө катышкан 300 депутаттын 204ү "макул", 85и "каршы" добуш берсе, үчөө калыс болгон. Буга президенттин 3-декабрда күтүүсүз аскердик абал жарыялашы түрткү болгон.

Учурда президент убактылуу кызматынан четтетилгендиктен, анын милдетин өкмөт башчы Хан Дак Су аткарууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан