Түштүк Кореянын парламенти президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдоду. Добуш берүүгө катышкан 300 депутаттын 204ү "макул", 85и "каршы" добуш берсе, үчөө калыс болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, президенттин милдетин убактылуу Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Дук Су аткарып турмакчы.
Белгилей кетсек, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Көп өтпөй депутаттар аскердик абалды алып салууга добуш беришкен.
Окуядан кийин президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо маселеси каралып, ал колдоо тапкан эмес. Өлкөнүн Юстиция министрлиги козголгон кылмыш ишине байланыштуу президентти өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Ал эми аскердик абал жарыялоону сунуш кылган коргоо министри Ким Ён Хён камакка алынган. Корея полициясы бул ишке байланыштуу мурдагы премьер-министр Хан Док Су баш болгон 10 министрди суракка чакырганы дагы белгилүү болгон.
12-декабрда Түштүк Кореянын парламенти юстиция министри Пак Сон Чжэ менен полициянын башкы комиссары Чо Чжи Хого импичмент жарыялаган болчу. Ошондой эле оппозиция 14-декабрда Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо сунушун кайрадан парламентте добуш берүүгө коюуну көздөп жатканы кабарланган.