Касымалиев Адылбек Алешович Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Андан кийин эле Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңеште ант берди.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы кабарланган. Анын ордуна төраганын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев милдетин аткаруучу болуп дайындалган.