Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп президенттин кеңешчиси дайындалды

Жаңы шайланган Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасын дайындоого буйрук чыгарды. Анын негизинде аталган кызматты президенттин кеңешчиси Алмамбет Шыкмаматов жетектемей болду. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 18-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Салык кызматынын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды. Ошондой эле ишкананын кызматкерлерин ишти так аткарууга чакырып, салык системасын реформалоону улантуунун зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, 6-декабарда Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычов УКМК тарабынан кармалып, соттун чечими менен 20-декабрга чейин камакка алынган. Алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги айтылууда.

Ал эми убактылуу төрага болуп дайындалган Кыдыкбек Кыдыров да 10 күндөн кийин кызматтан четтетилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан