Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында баңгизатты жарнама кылгандарга жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Медер Алиевдин айтымында, акыркы жылдары баңгизаттын ар кандай түрлөрү чыгып, аларды сатып алуу дагы жеңил болууда. Муну менен катар жаштар арасында синтетикалык баңгизаттарды колдонгондордун саны өсүүдө.
"Учурда күчтүү, оор таасир этүүчү синтетикалык баңгизаттарга жаштар болуп көрбөгөндөй кабылып жатат. Өзүңүздөр деле күбө болуп жатсаңыздар керек, окуучулар, студенттер аталган баңгизаттарды колдонуп, кармалып жатышат. Азыр алардын ар кандай түрлөрү чыкты. Бул нерсени бир-эки жолу колдонгон адамдын мээсинде кайтарылгыс процесс башталат. Ал адам коомдун татыктуу мүчөсү болбой калат.
Интернеттин өнүгүшү менен ар бир адам синтетикалык бангизатты электрондук форматта оңой эле сатып ала алат. "Эл эмне дейт" деп бул нерсеге көңүл бурбай келебиз. Бул багытта аёосуз күрөш болуш керек. Бул маселе барыбызга, Кыргызстандын келечегине тиешелүү. Бүгүнкү күндө курулуп жаткан мектептер, стадиондор, жолдор баары бир тыйын болуп калат, эгер келечек оорулуу коом болсо", - деди депутат Алиев.
Жыйында депутаттардын көпчүлүгү аталган мыйзам долбоорун колдой тургандыктарын билдиришти.
Депутат сунуштаган мыйзамга ылайык, баңгизатты жарнама кылгандарга айып пул салуу жазасы күчөтүлүп, 3 жылдан 10 жылга чейин абакка кесилет. Баңги жасалуучу дарыларды дарыгердин сунушу жок саткан дарыканага 200 миң сом айып пул салынып, 2-3 жылга иштөөсүнө бөгөт коюлат.