“Кошуна өлкөлөрдү ойлойлу”. Садыр Жапаров Элдик курултайда сууну үнөмдөөгө чакырды

"Дүйнөдө суу тартыштыгы күчөп жаткандыктан, сууну үнөмдүү пайдалануу зарылчылыгы бар". Мындай билдирүүсүн президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда үчүнчү Элдик курултайдын катышуучуларына кайрылып жатып билдирди.

Мамлекет башчысы эгиндерди тамчылатып жана жамгырлатып суугаруу ыкмасы учур талабы экендигин белгиледи.

“Жер шаарында суу тартыштыгы күчөп жатат. Андыктан сууну үнөмдөйлү. Учурда 20 миң гектар жерди тамчылатып жана жамгырлатып суугаруу ыкмасын ишке ашыруунун алдындабыз. Өлкө суу менен коңшу мамлекеттерди да камсыздайт. Андыктан аларды да ойлойлу”, - деди Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчысы буга чейин 400 миң жаран таза суу менен камсыздалган болсо, 2025-жылга 150 миң жаранды камсыздоо ишке ашырыла тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда III Элдик курултайдын биринчи күнү старт алды. Ага аймактардан шайланып келген 698 делегат катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан