Бишкектеги III Элдик курултай 698 делегат катышууда

Бүгүн, 20-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда III Элдик курултайдын биринчи күнү старт алды. Ага жалпысынан 698 делегат катышууда.

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов аймактардан шайланып келген делегаттардын 539у эркектер, 161и аял экенин билдирди. Ал эми 61 делегат өлкөдө жашаган башка улуттар келген.

Катышуучулардын арасынан эң улуусу Сокулуктан келген Улукбек Эргешов. Аксакал 98 жашта. Президенттин атынан ага чапан жана тебетей белекке берилди.

Айта кетсек, жыйынга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, тийиштүү жетекчилер катышууда.

Белгилей кетсек, Элдик курултай институтун түзүү жөнүндөгү беренелер Баш мыйзамга алгачкы жолу 2021-жылы киргизилген. Андан бери эки ирет Элдик курултай уюштурулду. Биринчи жыйында миң катышуучу болгон.

Ал эми “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы 24-июлда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 700 киши деп белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан