Садыр Жапаров үч миңге чукул жетим балага атайын эсеп ачылганын билдирди

Өлкөдө 2 миң 930 жетим баланын эсебине 500 миң сомдон бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда айтты.

Анын айтымында, "Келечекке салым" топтолмо эсеби быйылкы жылдын июль айынан баштап ишке киргизилген. Өлкө башчы алар бөлүнгөн каражатты 18 жашка чыккандан кийин билим алууга, ден соолугун чыңдоого же жашоо шартын оңдоого колдоно алышарын белгиледи.

Эске салсак, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аталган топтолмо эсеп 2 миң 853 жетим балага ачыларын маалымдаган болчу. Министрлик "Келечекке салымды" ачуу үчүн жарандардын кайрылуусунун зарылдыгы жок экенин, ал балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен мамлекеттик банк тарабынан өз алдынча ишке ашырыларын белгилеп, ачылган банк эсебинин номери жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө кабарланарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан