III Элдик курултайдын биринчи күнүндө жол тармагына байланыштуу 200дөн ашуун кайрылуу түштү

Бүгүн, 20-декабрда III Элдик курултайда жол тармагына байланыштуу 200дөн ашуун кайрылуу келип түштү. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жол-транспорт тармагына байланыштуу маселеси менен келген жарандар менен түз жолугуп, суроо-талабын угууда. Министрликтин өкүлдөрү бардык келип түшкөн кайрылууларды каттап, тиешелүү жооптор берилери маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда III Элдик курултайдын биринчи күнү старт алды. Ага аймактардан шайланып келген 698 делегат катышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан