Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бүгүн, 23-декабрда “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти” деген ардак наамы менен сыйланды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Ошондой эле ал бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган жарлыктарга кол койгон. Бүгүн "Ынтымак ордодо" сыйлыктар тапшырылат.
42 жаштагы Амангелдиев 18-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Ага чейин экономика жана коммерция министри кызматын аркалап келген.