Жогорку Кеңештин жыйынында 7 министр ант берди (сүрөттөр)

Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант берди. Жыйынга президент Садыр Жапаров катышты.

Ант бергендер:

- Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрация башчысы - Адылбек Касымалиев;

- Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев;

- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев;

- Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков;

- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров;

- Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев;

- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан өлкө башчысы Садыр Жапаров министрлерге кайрылып, эскертүү бергендиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан