Орусиядагы көп аялдуулук мыйзамы: Башкы прокуратура Мусулмандар дин башкармалыгына сунуштама киргизди

Башкы прокуратура көп аял алууга уруксат берген фатва боюнча Орусиянын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасына сунуштама киргизди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Ага ылайык, Орусиянын Мусулмандарынын Дин башкармалыгы көп аял алуу уруксаты жокко чыгарылганын билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын Уламалар кеңеши күйөөсү бардык аялдарга адилеттүү жана бирдей мамиле кылган шартта орус мусулмандарына төрткө чейин диний нике кыюуга уруксат берген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан