Түркия Сирияда түзүлгөн бийликке 300 миң кишилик армия түзүүгө жардам берет

Анкара Сириядагы куралдуу төңкөрүштөн кийин түзүлгөн бийликке 300 миң адамдан турган туруктуу армияны түзүүгө жардам берет. Аны түзүүгө түрк аскерий кеңешчилери жана адистери катышат. Бул тууралуу ТАСС гагенттиги Turkiye гезитине шилтеме кылып жазып чыкты.

Басылма 300 миң кишилик армия бир жарым жылдын ичинде түзүлөрүн, мындай кадам өлкөнүн ичиндеги оор кырдаалга жана Израилдин коркунучуна байланыштуу жасалып жатканын жазат. Маалыматта алгачкы этапта 70-80 миң адамдан турган куралдуу күчтөрдүн өзөгү түзүлүп, кыска мөөнөттө армиянын саны 150-200 миң кишиге жетери айтылган.

Алгачкы этаптагы курамга "Хаят-Тахрир аш-Шам" тобунун 40 миңдей адамы кирсе, Анкара колдогон кошуундун (алар өзүлөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат) 50 миң жоокери кошулат. Мындан тышкары басылма Түркиянын маалыматына таянып, түрк аскерлери Сириядагы маанилүү беш пунктка жайгаштырыларын кошумчалайт.

Белгилей кетсек, 27-ноябрда куралдуу козголоңчулар Сирия армиясынын Алеппо жана Идлиб провинцияларындагы тутумдарына каршы кеңири масштабдагы чабуулун баштаган. 7-декабрда алар бир нече ири шаарларды (Алеппо, Хама, Дараа жана Хомс) басып алышкан жана 8-декабрда борбор калаа Дамаскка чейин кирип келишип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесинен Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын жарыялашкан. Учурда Асад Орусияда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан