Жаңы жыл майрамын дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү белгилешет. Майрамдын кирип келишине саналуу күндөр калгандыктан, бардык жерде жаңы жылдык маанайды байкоого болот. Ошону менен катар майрамда салттуу түрдө балаты кооздолуп, ар кандай даамдар даярдалат эмеспи. Ал эми балатыны ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө, чыгармачылыгына жараша кооздоп келишет. Жыл өткөн сайын замандын талабына жараша дүйнө жүзүндө өзгөчөлөнгөн балатыларды көрүп келе жатабыз. Бул жылы дагы андай балатыларды дүйнөнүн айрым шаарларынан кезиктирүүгө болот. Ал эми SUPER.KG порталы ошол эң өзгөчө балатыларды тизмектөөнү эп көрдү.
Бул жылдагы өзгөчө балатылардын катарын Лондон шаарындагы "Виктория жана Альберт" музейинде жайгашкан балаты толуктады. Ал имараттын кире бериш жеринде орнотулган. Аталган балатыга дизайнер Анна Ломакс балатынын түзүлүшүн ойлоп тапкан. Балаты атайын жарык бере турган лампалар менен жасалгаланып, дүйнөдөгү өзгөчө балатылардын арасында.
Мындан бир нече жыл мурун жаңы жылдык балаты дегенде жашыл түстүү карагайды элестетсек, азыр андай эмес. Замандын талабына жарашы балаты жасоо үчүн атайын талаптар жокко чыкты десек болот. Себеби балатыны ар кандай ыкма менен жасап баштадык. Алардын катарын Париж шаарында жайгашканда "Galeries Lafayette" соода борборундагы балаты толуктады. Аталаган соода борбордун 130 жылдык мааракеси сентябрь айында болгон. Мындан улам балаты ушул жылы өткөн Париж Олимп оюндарын жана 130 жылдык мааракени чагылдырып жасалгаланган.
Мындай өзгөчө балатылардын санын Лондон шаарында жайгашкан "Claridge’s" мейманканасында кооздолгон балаты толуктады. Аталган мейманкана жыл сайын өзгөчө балатыларды коноктору үчүн жасалгалап келет. Ал эми бул жылкы балатынын узундугу алты метрди түзүп, аны белгилүү дизайнерлер кооздогон. Адистердин айтымында, балаты айылдагы таза аба, жаратылышты элестетип турат. Мындан улам балатыны кооздоо үчүн куштардын үйлөрүнө окшогон оюнчуктарды колдонушкан.
Лондон шаарындагы Сент-Панкрас станциясында орнотулган жаңы жылдык балаты көпчүлүктүн көңүлүн бура алды. Себеби ал кадимки балатыдан өзгөчөлөнүп, имараттын элесин чагылдырып турат. Балатынын бийиктиги 11 метрди түзүп, аны жасоо үчүн 20 адам эмгектенген. Жашыл жана сары түскө боёлгон балаты 100дөн ашык мунараны камтып турат.
Бул жылдагы балатылар ар кандай ыкма менен жасалган. Алардын катарында Токио шаарындагы "The Tokyo EDITION" мейманканасында орнотулган балаты бар. Майрамдык балаты жөн гана жасалгалоо эмес, экологиялык тазалыктын жана искусствонун түшүндүрмөсү. Жалаң гана жыгачтан жасалган балаты майрам аяктагандан соң атайын колдонуучу столдорго айланат.
Лондон шаарында жайгашкан Борбордук Сент-Мартинс университетинин алдындагы балаты дагы өзгөчө ыкма менен жасалды. Анын бийиктиги 10 метрден ашып, жалаң гана түстүү экрандар менен жасалган. Балатынын ойлоп тапкан дизайнер жарык адам баласынын жашоосунда ажырагыс бир бөлүк, маанилүү экенин түшүндүргүсү келгенин айткан.