Казакстанда кулаган учакта кыргызстандыктар да болушу мүмкүн экендиги айтылды

Орусиянын Baza телеграм каналы Актауда кырсыкка учураган учактагы жалпы жүргүнчүлөрдүн тизмесин жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, учакта Казакстан, Азербайжан, Орусия, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары болгондугу жазылды.

Бул арада Sputnik Казакстан басылмасы 3 кыргызстандык бар экенин билдирген.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри маалымат такталып жаткандыгын айтты.

Белгилей кетсек, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулагандыгы айтылган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан