"Ал менден эл алдында кечирим сурайт". Депутатка жооп бермекчи болгон судьяны вице-спикер сүйлөтпөй койду (видео)

Бүгүн, 25-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакированы сынга алды.

Эл өкүлү Бакированы соттордун ишине кийлигишип, өз кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат деп айыптады.

"Абилова деген жаран Жалал-Абад шаарындагы жашылдандыруу жерин мыйзамсыз менчиктеп алган. Ал боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери да сот жообуна тартылып чыгышкан. Мэриянын жазган арызы биринчи жана экинчи инстанцияда канааттандырылат дагы, Жогорку сотко келгенде эле сиз кийлигишип, мурунку инстанциялардын өкүмүн жокко чыгартып салуудасыз. Сиз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, таанышыңыздын кызыкчылыгы үчүн жардам берип жатасыз", - деди Алтынбеков.

Ал УКМКнын кызматкерлерин бул маселени иликтеп чыгууга чакырды.

Нургүл Бакирова депутаттын айткандарын өзүнүн дарегине "атайын даярдалган кутум" деп атады.

"Менин оюмча, Айбек Алтынбеков эл алдында кечирим сурайт, мен ага ишенем. Мен өзүмө ишенген үчүн депутаттардын алдына келип отурам. Жогорку Кеңешке коркпой дайыма келип, иштешкен Жогорку соттогу судьялардын бири мен болсом керек", - деди Бакирова.

Ал арада сөзгө парламент төрагасынын орун басары Жамиля Исаева аралашып, Бакированы берилген суроого гана жооп берүүгө чакырып, азыр анын дарегине суроо узатылбаганын белгилеп, микрофонун өчүрүп салды.

Жогорку Кеңеш 25.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан