Садыр Жапаров заводдогу жарылууга байланыштуу Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

Садыр Жапаров Балыкесир провинциясындагы заводдогу жарылууга байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Түркиянын Балыкесир провинциясында жарылуучу заттарды чыгаруучу заводдогу болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам. Ал эми жабыркагандардын тез сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эске салсак, кечээ, 24-декабрда Түркиянын түндүк-батышындагы жарылуучу зат жана ок-дары чыгарган заводдо болгон жарылуудан кеминде 12 киши каза болуп, төртөө жарадар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан