Түркиянын түндүк-батышындагы жарылуучу зат жана ок-дары чыгарган заводдо болгон жарылуудан кеминде 12 киши каза болуп, төртөө жарадар болду. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 24-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:25те Каваклы айылындагы заводдо болгон. Жардыруу ушунчалык күчтүү болгондуктан, жер титирөө болуп, заводдун имараты толугу менен талкаланган.
Интернетте окуя болгон жерден тартылган видеолор тарады. Анда заводдон жарылуудан талкаланган имараттын бөлүктөрү тегеректеги аймакка кантип чачыраганы тартылган.
Жардыруунун кесепеттерин жоюу үчүн көптөгөн өрт өчүрүүчүлөр жана дарыгерлер жөнөтүлгөн. Заводдун имаратынын урандыларынын астында адамдар калышы мүмкүн деп болжолдонууда.
Түркиянын юстиция министри Йылмаз Тунч жардыруу боюнча иликтөө башталганын билдирди. Ал эми ички иштер министри Али Йерликая мунун себеби азырынча тактала электигин, бирок бийлик теракт болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарганын билдирди.