Шерзат Болаттын атасы камактан чыкты. Ал дароо кайрылуу жасады

Коңшу Казакстандын Талгар шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Шерзат Болаттын атасы камактан бошотулду.

Социалдык тармактарда Каржаубай Нурымовдун Казакстан элине кайрылуусу жазылган видео тарады. Ал 15 суткага административдик камакка алынган жана азыр үй-бүлөсү менен үйдө.

"Кудайга шүгүр, мен үйгө келдим, баары жакшы. Ойлонууга негиз жок", - деди ал.

Эске сала кетсек, 9-декабрда Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал асынып алган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон.

10-декабрда анын сөөгү жерге берилгенден кийин Шерзат Болаттын атасы өзүнө кол салууга аракет кылып, полиция кызматкерлерине дагы бычак менен тап берген. Андан кийин ал кармалып, 15 суткага камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан