"Үйдө фонарик менен жүрөбүз". Депутат Шекафтар шаарчасындагы көйгөйдү көтөрдү

Бүгүн, 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Марипов Чаткал районунун Шекафтар шаарчасынын тургундарынын көйгөйүн көтөрдү.

"Ал жакта электр жарыгы өтө начар жанат экен. "Кечинде үйгө кирсең көрүнбөйт" деп жатышат. Сыналгы, муздаткыч иштебейт экен. "Үйдүн ичинде фонарик менен жүрүп жатабыз" дешүүдө. Ноокат районунун тургундары дагы "электр жарыгы күндө кечинде өчүп жатат" деп кайрылып жатышат. Эмне себептен өчүп жатат? Өчүрүү графигин иретке келтирүү керекпи?" - деди ал.

Марипов өкмөттү буга көңүл бурууга чакырды.

26.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан