Түштүк Кореянын парламенти президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Хан Док Суга импичмент жарыялады. Бул тууралуу Yonhap басылмасына шилтеме берүү менен ТАСС агентиги жазды.
Маалыматка караганда, Хан Док Суну кызматтан четтетүү маселесин парламенттин 192 депутаты колдогон. Эми бул иш Конституциялык сотто каралат. Карап чыгуу 180 күнгө чейин созулат. Бул өлкө тарыхында президенттин милдетин аткаруучуга импичмент жарыяланган биринчи учур болуп калды.
Президенттин милдетин аткаруучуга ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси Министрлер кабинети убактылуу кызматынан четтетилген өлкө президенти Юн Сок Ёлго жана анын жубайы Ким Гун Хиге карата териштирүү боюнча мыйзам долбоорлорун карабай койгондон кийин көтөрүлгөн.
Буга чейин 14-декбарда парламент өлкө башчысы Ёлго 3-декабрда Түштүк Кореяга аскердик абалдын киргизилишине байланыштуу импичмент жарыялоо маселесин карап жактырган. 12-декабрда парламент биринчи айым Хини иликтөө боюнча мыйзам кабыл алган. Ал баалуу кагаздар боюнча алдамчылыкка жана коррупциялык иштерге шектелүүдө.
Белгилей кетсек, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Көп өтпөй депутаттар аскердик абалды алып салууга добуш беришкен. Буга улай оппозиция парламентке президентке импичмент жарыялоо долбоорун алып кирген. Бирок көпчүлүктү түзгөн бийликтин партиясынын мүчөлөрү бойкот жарыялап, 105 депутат жыйындан чыгып кеткен. Ошентип Ёл биринчи импичмент маселесинен кутулган болчу. Көп өтпөй Түштүк Кореянын Юстиция министрлиги президенттин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган.
Болуп өткөн окуядан кийин депутаттар Юн Сок Ёлдун аскердик абалды жарыялоосуна байланыштуу айыптарды иликтөө үчүн атайын прокурорду талап кылган мыйзам долбоорун кабыл алган. Мындан улам Ёл 2 жолу суракка чакыртылып, ал баруудан баш тартканы маалым болгон. Ёл суракка келбей койгонуна байланыштуу коррупцияга каршы тергөө башкармалыгынын башчысы президентти камоого ордер чыгаруу үчүн арыз менен кайрылууну караштырып жатканын билдирген. Бул иш боюнча Хан Док Су дагы суракка чакыртылганы белгилүү болгон.