Ишкер Өмүрбек Бабанов ырчы Бегимай Турусбековага 1 миллион сом сыйлык тапшырды. Мындай видео социалдык тармактарда тарады.
Маалыматка караганда, кечээ, 27-декабрда MБанктын Жаңы жылдык кечесинде Бабанов Орусияда өтүп жаткан “Царица” музыкалык долбоорунун катышуучусу Бегимай Турусбековага 1 миллион сом сыйлык тапшырган.
Белгилей кетсек, кыргызстандык ырчы бул сынактын жарым финалында биринчи орунду ишенимдүү түрдө багындырып, долбоордун финалына аттанды.