"Бул чыгарылыштын ханышасы". Бегимай Турусбекова "Царица" шоусунун финалына өттү (видео)

"Ынтымак" паркында ырдап, бир түндө жылдыз болгон Бегимай Турусбекова Орусиянын “Царица” музыкалык долбоорунун финалына өттү. Жарым финалда Турусбекова “Ты и я” жана “Была любовь” чыгармаларын аткарды.

Кыргызстандык катышуучу биринчи аткаруусунда атаандаштары сыяктуу эле 4 калыстын эң жогорку баасына татып, 40 упай алды. Бирок көрүүчүлөр анын аткаруусун башка катышуучуларга караганда жогору баалашты - 9,75.

Ал эми “Была любовь” чыгармасын аткарганда калыстардын баары бир добуштан колдоп, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду. Калыстардан кайрадан эле 40 жана көрүүчүлөрдөн 9,77 упай.

Бегимай Турусбекова жалпы 99,52 упай менен бул чыгарылыштын "ханышасы" аталып, ишенимдүү түрдө финалга аттанды, аны менен кошо дагы үч катышуучу өттү.

“Была любовь” чыгармасын аткарып жаткан учур
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан