Түркмөнстандын улуттук Түркмөн аба жолдору компаниясы Ашхабад - Москва - Ашхабад каттамы боюнча үзгүлтүксүз каттамдарын токтотконун билдирди. Авиакомпаниянын сайтындагы маалыматка ылайык, каттамдар 30-декабрдан 31-январга чейин токтотулат.
Мындай чечимдин себептери айтыла элек. Авиакомпания бул каттам боюнча жумасына эки рейс аткарып турган.
Казакстандын Актау шаарындагы Азербайжан аба жолдорунун учагынын кыйрашынан кийин бир катар өлкөлөрдүн аба компаниялары Орусияга, анын айрым аймактарына учууларын убактылуу токтотушканын жарыялашты.
Азербайжан аба жолдору Орусиянын он шаарына, анын ичинде Грозный, Махачкала, Сочи, Минеральные Воды жана Владикавказга каттамдарын токтотту. Казакстандын Qazaq Air авиакомпаниясы Астана - Екатеринбург багыты боюнча каттамдарын убактылуу токтотту.
FlyDubai авиакомпаниясы Дубайдан Сочиге жана Минеральные Водыга каттамдарын токтотконун кабарласа, ал эми Израилдин El Al улуттук авиакомпаниясы Тель-Авив - Москва каттамын токтотконун билдирди.