Түштүк Кореядагы учак кырсыгы: 179 киши каза тапты, эки адамдын кандайча тирүү калганы маалым болду

Бүгүн, 29-декабрда Түштүк Кореянын Муан эл аралык аэропортунда кыйраган учактагы 181 адамдын ичинен 179 киши набыт болуп, экөө куткарылды. Бул тууралуу Ренхап агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, экипаждын эки мүчөсү гана аман калгандыктан, алар кырсыктан көп өтпөй куткарылып, аэропорттун жанындагы ооруканада дарылангандан кийин экөө Сеул ооруканасына жеткирилген.

"Учак тосмого урунгандан кийин жүргүнчүлөр учактан ыргып кеткен. Аман калуу мүмкүнчүлүгү өтө төмөн", - деп билдирди жекшемби күнү өрт өчүрүү агенттигинин кызматкери.

Бийлик кырсыкка канаттуулардын урунуусунан улам учактын шассиси бузулушу себеп болушу мүмкүн деп эсептейт. Алар окуянын так себебин аныктоо үчүн жеринде иликтөө иштерин башташты. Учактын сыныктарынан учуу маалыматтарын жазгычты да, кабинадагы үн жазгычты да алып чыгышты.

Бангкоктон түнкү саат 1:30да учуп кеткен Боинг 737-800 учагында 181 киши болгон. Ал Муанга таңкы саат 8:30 чамасында келмек. Учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Жүргүнчүлөрдүн ичинен 173 адам Түштүк Кореянын, дагы экөө Таиланддын жарандары. Учактын ичиндегилердин 82си эркек, 93ү аял, 3 жаштан 78 жашка чейинкилер болгон. Көпчүлүгү 40-60 жаштагылар болгону айтылат.

Jeju Air учагы жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:07де Муан эл аралык аэропортуна конуп жатканда конуу тилкесинен чыгып кеткен. Учак конуп жатканда шассиси орнотулбай эле жерде тайгаланып, бетон дубалга урунганда жарылып, күйүп кеткен.

Бул каргаша - Түштүк Кореянын аймагындагы эң көп өлүм алып келген авиакырсык жана Түштүк Кореянын авиакомпанияларынын тарыхында адам өлүмүнүн саны боюнча үчүнчү орунда.

1983-жылы советтик истребител Орусиянын аба мейкиндигине кирип кеткен Кореянын учагын атып түшүрүп, бортундагы 269 кишинин баары каза болгон. 1997-жылы Korean Air авиакомпаниясынын учагы Гуам аралында кулап, 225 киши каза болгон.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан