Түштүк Кореяда ичинде 181 киши бар учак кырсыктап, экиге бөлүнүп кетти (видео)

Түштүк Кореяда бүгүн, 29-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:07де жүргүнчү учагы Сеулдун түштүк-батышындагы 288 чакырым алыстыкта жайгашкан Муан аэропортуна конуп жатып учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, тосмону сүзгөн. Түштүк Кореяга Таиланддан учуп келе жаткан учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгону кабарланууда. Жүргүнчүлөрдүн ичинен 173 адам Түштүк Кореянын, дагы экөө Таиланддын жарандары.

Yonhap агенттигинин маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт менен саат 13:30га (Кыргызстанда 10:30) карата 85 адам набыт болгону расмий тастыкталды. Калгандарынын тек-жайы такталууда. Каза тапкандардын саны дагы өсүшү ыктымалдыгы айтылып жатат.

Корей телевидениеси кагылышуудан кийин дароо чоң өрт чыккан кадрларды көрсөттү. Өрт каптаган учак эки бөлүккө бөлүнүп кеткен.

Өрт өчүрүүчүлөр окуядан кийин дароо куткаруу иштерин башташкан. Алгач 28 адам каза болгону кабарланган, бирок бир нече сааттан кийин тастыкталган курмандыктардын саны 62 адамга жеткен, андан кийин улуттук өрт кызматы дээрлик бардык жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү каза болгонун жарыялаган.

Ошол эле маалда өлгөндөрдүн расмий саны 85ти түзөт. Кыйраган учактагы 181 адамдын ичинен эки аял тирүү калды. Бири жүргүнчү, экинчиси экипаждын мүчөсү. Алар Мокихо шаарындагы ооруканага жеткирилген. Reuters агенттиги экөө тең учактын артында болгонун кабарлады. Учурда алардын абалы тууралуу маалымат жок.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтарга караганда, учак канаттуулар менен кагылышып, башкарууну жоготуп алышы мүмкүн. Yonhap агенттигинин маалыматына караганда, конуу шассилерин башкаруу системасы ушул себептен иштен чыккан. Өлкө бийлиги тарабынан айтылган экинчи версия - аба ырайы.

2006-жылдан бери каттамдарды ишке ашырган Jeju Air компаниясынын тарыхында бул адам өлүмүнө алып келген биринчи окуя. 2007-жылы компаниянын учагы Гимхэ аэропортунда (Пусан) учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен. Анда алты жүргүнчү жеңил жаракаттарды алышкан.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан