Садыр Жапаров мамлекеттик ипотека аркылуу батир алгандарга кайрылды

Президент Садыр Жапаровдун "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маеги жарыяланды. Анда мамлекет башчысы жарандарды турак жай менен камсыз кылуу боюнча пикирин билдирген.

Жапаровдун айтымында, учурда жарандарга мамлекеттик ипотека аркылуу алдын ала төлөм жок эле 25 жылдык мөөнөткө турак жай алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

"Мурда ипотека аркылуу 30 пайызын дароо төлөп, калганын 10 жылга 14 пайыз менен үй алышса, азыркы учурда 4 пайызга түшүрдүк. Алдын ала төлөм жок эле мөөнөтүн 25 жылга жылдырдык. Буга чейин ипотеканын 30 пайызын дароо төлөш керек болчу. Калган суммасын 14 пайыз менен 10 жылга эле берилчү.

Чын-чынына келгенде, жөнөкөй калк менен мамлекеттик кызматкерлер мындай шарт менен үй ала алышчу эмес. Ошонун баарын жоюп, карапайым калк менен мамлекеттик кызматкерлерге жеткиликтүү кылдык. Мисалы, колунда бир аз акчасы бар, бирок үй ала албай жүргөн жарандарыбыз үчүн да өзүнчө эреже киргиздик. 50 пайызын дароо төлөп, 8 пайыз менен 10-15 жылга алышса болот. Бул жакшы шарт. 1-1,5 жылда эле куруп беребиз. Келечекте шарты жок, бирок үйгө муктаж болгон карапайым калкты 25 жылдык мөөнөт менен алдын ала төлөмү жок толук камсыз кылабыз. Бирок кичине убакыт керек.

Келе жаткан жылы дагы 10 миңдеген үй-бүлөлөр үй алышат. Азыр үйлөрдү жапырт түрдө салып жатабыз. Ушунун баары жакын арада бүтөт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып батир алгандарга кайрыла кетейин. Өзүнүн чама-чаркына карабай эле, дароо 3 бөлмөлүү батир алгандар бар экен. Жумушу туруксуз, айлыгы аз болсо деле дароо 3 бөлмөлүү батир алып албай, алыңарга карап алгыла. Турак үйдү кеңейтүү программасын да киргизгенбиз. Биринчи бир бөлмөлүү алгыла. Аны төлөп бүткөндөн кийин аны алмаштырып кеңейтүүгө мүмкүнчүлүгүңөр бар. Эки бөлмөлүүгө алмаштырсаңар болот. 2 бөлмөлүүнү төлөп бүткөндөн кийин анан 3 бөлмөлүүгө алмаштыргыла. Кыскасы, бардык жеңил жана ыңгайлуу шарттарды түзүп бердик.

Эми, батир алгандар, силер дагы кечиктирбей өз убагында төлөп тургула. Силер төлөгөн акчалар башка жакта жүрүп жаткан курулуштарды каржылоого кетет. Төлөмдү убагында төлөбөй, бир ай кечигип калсаңар эле МИК батирди алып, кезекте турган башка кишиге берип коёт.

Канча убакыт төлөп келген акчаңар да кайтарылбайт. Себеби ижарада жашасаңар айына андан көп акча төлөмөксүңөр да. Амортизация деген бар. Айып пулдары бар.

Ар бир мигрант өз мекенинде жашашы үчүн мамлекеттин бардык күчүн жумшап жатабыз. Ошондуктан ар ай сайын убагынан кечиктирбей төлөп, абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла.

Силердин артыңарда батир алам деп кезекте жүз миңдеген жарандарыбыз турганын унутпагыла. Алар да силерге окшоп батир алам деп чоң үмүт менен көптөн бери күтүп келе жатышат. Эгер буга чейин батир алгандардын арасында ал-күчүңөрдү ченебей 3 бөлмөлүү батир алып алгандар болсо дароо бир бөлмөлүүгө алмаштыргыла.

Ошондой эле мындан 5-6 жыл мурда эки, үч бөлмөлүү батир алган учурда, мисалы, эки балалуу үй-бүлө болсо, азыр беш балалуу болуп калган үй-бүлөлөр бар. Алар азыр батирин кеңейтебиз десе, ал жагын да эске алдык. Каалоочулар бир, эки бөлмөлүү батирин өткөрөт да, ордуна үч бөлмөлүүнү ала алышат.

Бул суроо боюнча МИКке кайрылсаңар түшүндүрүп беришет.

Ал эми кезекке туруу болсо электрондоштурулган. Аны аттап кетүү мүмкүн эмес. Ар ким өзүнүн кезеги кандай жылып жатканын көрө алат", - деген президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан