Ош шаарынын 7 аймагында муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан ипотекалык жана үлүштүк курулуш программасы боюнча көп батирлүү турак жайлар курулуп жатат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, курулуш иштеринин жүрүшүн Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов кыдырып көрүп чыкты. Ал Тилеке баатыр көчөсү, №6 дарегиндеги 12 кабаттуу, Т.Турсунбаева, №28 дарегиндеги 15 кабаттуу үйлөрдүн курулушун көрдү.
"Келерки жылга карата муниципалдык ипотекалык жана үлүштүк ипотека шартында 5 көп кабаттуу үйдү пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинен Көкүм бий жана Краснофлотская көчөлөрүндө курулуп жаткан 2 көп кабаттуу үй муниципалдык ипотекалык, Тилеке баатыр, Набережная жана Ашимахунов көчөлөрүндө салынып жаткан 3 көп кабаттуу үй үлүштүк программа боюнча пайдаланууга берилиши күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.