Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден АКШнын 39-президенти, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Жимми Картердин каза болгонуна байланыштуу 9-январды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Мындай маалымат дүйнөлүк басылмаларда кабарланды.
"2025-жылдын 9-январын АКШнын аймагында улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм", - деп айтылат билдирүүдө.
Айта кетсек, Жимми Картердин дүйнөдөн өткөндүгү тууралуу маалымат бүгүн, 30-декабрда чет элдик басылмаларда жарыяланды. Мурунку президент октябрь айында 100 жашка толгон. Буга чейин дүйнөлүк басылмалар анын катуу ооруп жатканын жазышкан эле. Буга удаа саясатчы акыркы жылдары залалдуу шишик оорусу менен күрөшүп келгени кабарланган.
Картер Американы 1977-1981-жылдары башкарган. Кызматтан кеткенден кийин ал кайрымдуулук иштерине жана гуманитардык долбоорлорго катышып, 2002-жылы эл аралык конфликттерди тынчтык жолу менен чечүү, демократияны жана адам укуктарын өнүктүрүү, экономикалык жана социалдык өнүгүүнү стимулдаштыруу боюнча эмгектери үчүн "Нобель" сыйлыгына татыган.