"Салтты бузуп, четке кагып". Бишкектин мэри борбордук аянтта эмне деди? (видео)

Салтты бузуп, кагазды четке кагып сөзүн баштаган Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кечээ, 31-декабрда "Ала-Тоо" аянтында өткөн майрамдык иш-чарада жалпы шаардыктарды куттуктады.

Сөз башында шаар башчысы вице-мэрлерин, борбор калаадагы төрт район жетекчисин, мэриянын бөлүм башчыларын сахнага чакырды. Андан соң Бишкек шаары өзгөрүү жолунда экендигин баса белгилеп, күнү-түнү иш алып барууга команда менен даяр экендигин билдирди.

"Биз алгач шаардын бюджетин 32 миллиард сомго бекиткенде эч ким ишенген эмес. Анткени бюджет 10 миллиардга көп болчу. Бирок биз жылды 36 миллиард менен жыйынтыктап жатабыз. Жолдорду оңдоп-түзөө, борбордук аянтты толук реконструкциялоо иштерин да "өз учурунда бүтүрө албайсыңар, болбойт" деп айтышкан. Бирок анын баарын жасадык, өз учурунда бүтүрдүк. Биз ушул команда менен күнү-түнү иштөөгө даярбыз. 2025-жылды 2 эсеге көп пландар менен баштадык. Шаар үчүн, тургундар үчүн иштеп беребиз", - деди Жунушалиев.

Белгилей кетсек, Бишкектин борбордук аянтында Жаңы жылды утурлай майрамдык иш-чара өтүп, концертте кыргыз эстарадасы менен бирге орус жылдыздары да өз таланттарын тартуулады.

Мэр Айбек Жунушалиев борбордук аянтта сөз сүйлөдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
yijrt98
2025-01-01 10:57:00
Мындай маданий концерт иш чараларды башка күндөрү да уюштуруу зарыл. Мындай көркөм иш чаралар жарандарды сабырдуулукка жана өз ара түшүнүшүүгө үйрөтөт жана коомго оң эмоцияларды берип, коомдогу стресс депрессия менен күрөшүүгө жардам берет. Жарандардын ички дүйнөсүн байытууга, сулуулук жана гармония сезимин өнүктүрүүгө жардам берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан