Сүрөттөр сүйлөсүн. Бишкектеги Жаңы жыл майрамына орус ырчылары да келди (видео)

Кечээ, 31-декабрда Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылды тосууга арналган чоң майрамдык иш-чара өттү. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, ага шаар башчысы Айбек Жунушалиев баштаган жетекчилер катышты.
"Майрамдык концерт чогулган эл үчүн чыныгы белек болду. Сахнада орус эстрадасынын жылдыздары: популярдуу ырчы Клава Кока жана легендарлуу «Дискотека Авария» тобу чыгышты. Алардын жандуу чыгармалары элди энергияга толтуруп, эсте каларлык көз ирмемдерди тартуулады.
Концерттик программадан кыргыз эстрадасынын сүйүктүү ырчылары Айчүрөк Иманалиева, Сыймык Бейшекеев, Юлия Руцкая, Айгерим Расул кызы, Баястан, Бегиш, Бек Исраилов жана башка көптөгөн таланттуу аткаруучулар майрамдык маанайга улуттук көркөмдүк жана жылуулук тартуулады", - деп айтылат маалыматта.
Борбордук аянтка чогулган эл ырчыларды өзгөчө тосуп алып, майрамдык иш-чарага жакшы маанай кошкон.
Борбордук аянттагы майрамдык маанай.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан