Кызыл-Кыяда мечитке ымыркайды таштап кетишти

Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында мечиттин ичине ымыркайды таштап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мечитке молдо эртең менен азан чакыруу үчүн барганда ак шейшепке оролгон эркек баланы таап алган.
Бул факты бүгүн, 3-январда Кызыл-Кыя ШИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Табылган ымыркай Кызыл-Кыя шаардык биргелешкен ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Абалы туруктуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан