Дүйнөдөгү эң кары адам япониялык Томико Итоока 116 жашында ааламдан өттү. Ал 29-декабрда Хёго префектурасындагы карылар үйүндө каза болгон. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 4-январда болгонун чет элдик басылмалар жазды.
Томико Итоока 1908-жылы 23-майда Японияда туулган. Орто мектепте окуп жүргөндө япониялык айымдардын волейбол командасына мүчө болуп, 1979-жылы күйөөсү каза болгондон кийин аскага чыгуу менен алектенген.
Ал 2024-жылдын сентябрь айында Гиннесстин рекорддор китебине эң кары адам катары катталган.
Томикого чейин дүйнөдөгү эң кары адам Мария Браньяс Морера болчу. Ал былтыр август айында каза болгон.