Германиянын Римбах шаарында банктын филиалдарынын биринде аялды барымтага алган адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга карганда, ал полиция бөлүмүнө жеткирилген. Полиция аны менен сүйлөшүүлөр үч саатка жакын созулганын, жыйынтыгында кылмышкер каршылык көрсөтпөстөн колго түшүп бергенин билдирген. Барымтага алынган аял жана банктын башка кызматкерлери жабыркаган эмес. Учурда укук коргоо органдары окуянын себебин ачыктай элек.
Буга чейин бүгүн, 7-январда Германияда бычак менен куралданган адам банктын имаратына кирип барып, бир аялды барымтага алганы маалым болгон. Полиция дароо имаратты курчоого алып, аны кармоо үчүн атайын операция уюштурулуп жатканын билдирген эле. Чет элдик басылмалар ал адам талаптарды койгону, бирок кандай талаптар экени так белгисиз экенин жазышкан. Полиция бул боюнча дагы маалымат бере элек.