АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп кечээ, 7-январда өзүнүн Truth Social социалдык тармагына Канаданын АКШга кошулган картасын жарыялады.
Биринчи сүрөттөн Кошмо Штаттары менен Канаданын аймагы бириктирилип, АКШнын желеги менен берилгенин көрүүгө болот. Экинчисинде картада эки өлкө бир түс менен берилип, "Америка Кошмо Штаттары" деп жазылган. Ошондой эле ал картадан Трамп коңшулаш Мексиканы башка түс менен белгилегенин көрүүгө болот.
Буга чейин Трамп 6-январда Канадага Кошмо Штаттарга кошулууну сунуштаган. Анын айтымында, канадалыктардын көбү өлкөсү АКШнын 51-штаты болуусун колдойт. Трамп мындай идеясын өткөн жылдын декабрь айында да 2 жолу көтөргөн эле.