Камала Харристин Лос-Анжелестеги үйү токой өртүнөн улам эвакуация зонасына кирди

АКШнын вице-президенти Камала Харристин Лос-Анжелестеги үйү токой өртүнөн улам эвакуация аймагына кирди. Бул тууралуу NBC News жазып чыкты.

Басылма вице-президент өзү учурда Вашингтондо экенин белгиледи.

Буга чейин Калифорния штатынын бийлиги Лос-Анжелестин батыш тарабындагы кээ бир аймактарды каптаган токой өртүнөн улам өзгөчө кырдаал жарыялаган. Жергиликтүү бийлик кечээ, 7-январда аймактагы тургундарды эвакуациялоо буйругун берген.

Белгилей кетсек, Харрис өткөн жылдын ноябрь айындагы президенттик шайлоодо Дональд Трампка жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан