АКШнын Калифорния штатынын бийлиги Лос-Анжелестин батыш тарабындагы кээ бир аймактарды каптаган токой өртүнөн улам өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, кечээ, 7-январда бийлик шамалдан улам өрт күчөшү мүмкүн экениндигин эскертип, тургундарга эвакуациялоо буйругу берилди.
Палисейдс аймагындагы эвакуация зонасында 30 миңдей адам жашайт. Маалымат жыйынында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 10 миңдей үй коркунучта экенин билдиришти.
Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсомдун айтымында, аймактагы көпчүлүк имаратттарды тилсиз жоо каптап, жараксыз абалга кептелди.
Бул арада Лос-Анжелесте жүргөн АКШнын президенти Жо Байденге кырсык боюнча маалымат берилип, Ак үй жергиликтүү бийлик менен байланышта экендиги маалыматта кошумчаланган.