Лос-Анжелестеги токойдон чыккан өрттөн улам 5 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка караганда, буга чейин эки адамдын каза болгону кабарланган, ал эми учурда тилсиз жоонун кесепетинен каза тапкандардын саны бешке жеткен.
"Өрттөн жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Көптөгөн тургундарыбыз күйүк алган", - деп маалымат берген бийлик.
Ошондой эле катуу шамал жана кургак аба ырайынан улам кырдаал курчуп баратканын эскертип, өрттү чектөөгө алууга азырынча мүмкүнчүлүк жок экенин эскертишкен.
Белгилей кетсек, АКШнын Калифорния штатынын бийлиги Лос-Анжелестин батыш тарабындагы кээ бир аймактарды каптаган токой өртүнөн улам өзгөчө кырдаал жарыялаган. Муну менен катар 30 миңдей адам эвакуацияланган.