Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын Свердлов районуна өткөн Алмата көчөсү эми толук жарыктандырылды. Бул туурасында кечээ, 8-январда мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, Жибек Жолу проспектисинен айланма жолго чейинки узун тилке, узак убакыттан бери жарыксыз болуп келген. Долбоордун алкагында 170 заманбап, 200 Ватт кубаттуулуктагы жарык диоддуу чырактар орнотулду. Система туруктуу иштеши үчүн 6000 метрден ашуун өз алдынча изоляцияланган зым тартылды.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана “Бишкек жарык” ишканасынын кызматкерлери катышып, долбоордун ишке ашырууда инфраструктураны жакшыртып эле койбостон, шаар тургундары үчүн коопсуздук жана ыңгайлуулукту арттырганын белгилешти.