Бишкектин Кыргыз көчөсүндө Саадаев көчөсүнөн айланма жолго чейин тышкы жарыктандыруу орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарыктандыруучулар 4300 метр кабель тартып, 119 светодиоддук чырак орнотушту.
Мындан тышкары Курманалиев көчөсү дагы жарыктандырылып, 28 жаңы чырак орнотулду. Бул иштер район тургундарынын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жасалууда.
Белгилей кетсек, “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы бир жумада 1 көчөнү жарыктандырууну пландоодо.