Azerbaijan Airlines авиакомпаниясы Бакудан Таратарстандын Казань шаарына баруучу учак каттамдарын белгисиз мөөнөткө токтотту. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, аталган аба каттамы мындай чечимин дрондордун чабуулдарынан улам Казань шаарындагы аба мейкиндигинин байма-бай жабылышы менен түшүндүргөн.
Эскерте кетсек, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта кулап түшкөн. Учактагы 38 жүргүнчү каза болгон.
Кырсыктан көп өтпөй, 28-декабрдан тарта аталган авиакомпания Бакудан Орусиянын жети шаарына каттамдарын токтотконун жарыялаган.